Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каарына калуу, чатак ишке кабылуу. Бабаевдин кылмыштуу кылыктарын газетага жазып коебуз деп кабарчылар аарынын уюгуна тийип алышкан экен («Советтик Кыргызстан»). --Кокуй! Өлтүрүп алба! Аарынын уюгуна тийбедиңби! (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн каарына калуу, чатак ишке кабылуу. Бабаевдин кылмыштуу кылыктарын газетага жазып коебуз деп кабарчылар аарынын уюгуна тийип алышкан экен («Советтик Кыргызстан»). – Кокуй! Өлтүрүп алба! Аарынын уюгуна тийбедиңби? (Үмөталиев). В.: Аарынын уюгуна катылуу. Бул аарынын уюгуна көп катылбай жүр, балам (Абдукаримов). Жыландын уюгуна тийүү. Мен силерге дайыма этият болгула, жыландын уюгуна тийбегиле! – деп келатам (Абдукаримов).